World News

ЖАК абактагы Султанбековго азык-түлүк киргизилбей жатат деген билдирүүнү четке какты

Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган саясатчы Темирлан Султанбековго азык-түлүк киргизилбей жатканы тууралуу дооматтарды четке какты.

Мекеменин басма сөз кызматы бул тууралуу 11-декабрда маалымдады.



"Темирлан Султанбековдун атасынын "тергөө абагынын кызматкерлери уулуна тамак-аш жана суусундуктарды киргизбей жатат" деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Султанбеков №1 тергөө абагына түшкөндөн тарта анын атасы Медет Султанбеков сегиз ирет суусундук киргизген, алардын баары баласына өз убагында берилген. Темирлан Султанбековго баш-аягы 43 литр "Легенда" суусу, 8 литр "Аралаш" суусундугу жана 13 литр ISI ширеси киргизилген", - деп билдирди мекеме.



Жаза аткаруу кызматы ошондой эле Темирлан Султанбеков убактылуу кармоочу жайда кармалып тургандан тартып ачкачылык жарыялаганын, 7-декабрда комплекстүү медициналык жардамдан жазуу түрүндө баш тартканын кошумчалаган. Бирок мекеменин медицина кызматкерлери Султанбековдун саламаттыгын текшерип, көзөмөлдөп жатышканын, тергөө абагынын жетекчилиги ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантып жатканы кабарланган.



Маалыматка ылайык, 11-декабрга чейин Темирлан Султанбеков адвокаттары менен 18 ирет, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери менен 7 жолу, Акыйкатчынын өкүлдөрү менен 3 жолу жана прокуратура кызматкерлери менен 2 ирет жолуккан.



"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун атасы Медет Султанбеков 10-декабрда Фейсбук аркылуу президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдогон. Ал уулунун саясий негиз менен камакка алынганын, 27 күндөн бери ачкачылык кармап жатканын, Жаза аткаруу кызматынын уулу максым ичип жатат деген маалыматы чындыкка дал келбесин билдирген.



10-декабрда Жаза аткаруу кызматы Темирлан Султанбеков 7-декабрда комплекстүү медициналык текшерүүдөн жазуу жүзүндө баш тартканын жарыялаган. Мекеме ал тамак-аш ичпей, ачкачылык кармоо ден соолугуна зыян экени тууралуу эскертүүлөргө көңүл бурбай жатканын кошумчалады.



Адвокаттар Темирлан Султанбеков суу жана күнүнө 100 граммдай шире (сок) эле ичип жатканын билдирүүдө.




Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камаган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.



Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча иш козгогон. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.



Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (ZKo)




 

Читайте на 123ru.net