World News

Румыния жана Болгария Шенген мейкиндигине толук кошулду

Еврошаркеттин юстиция жана ички иштер министрлери Румыния жана Болгарияны 1-январдан тартып Шенген мейкиндигине кабыл алууну макулдашты. Ошентип, эки өлкө менен жердеги ички чек араларда текшерүүлөр жоюлат.

Чечим тууралуу 12-декабрда Европа кеңеши билдирди. Румыния жана Болгария биримдикке мындан 18 жыл мурун кошулган жана 15 жылдай илгери Шенгенге кирүү боюнча техникалык критерийлерди толук аткарган.

Учурда Еврошаркетке төрагалык кылган Венгриянын ички иштер министри Шандор Пинтер окуяны "тарыхый" деп баалады.

Быйыл мартта сөз болгон өлкөлөр визасыз мейкиндикке жарым-жартылай кирген. Ошондо аба жана деңиз чек араларындагы текшерүү алынган.

2002-жылы Австрия мыйзамсыз мигранттардын агымынан чочулап, Румыния жана Болгариянын мейкиндикке кирүүсүнө каршы чыккан. Бухарест менен София чечимдин артында саясат турганын айтып келишти. Жакында Вена ал ветосун алып салды.

Аларга чейин былтыр январда Хорватия Шенгенге кошулган.

1985-жылы түптөлгөн Шенген мейкиндиги 400 миллиондой кишиге ички чек аралардан текшерүүсүз, эки жакка ээн-эркин каттоого жол ачат. Баштапкы келишимге Люксембургдагы Шенген деген чакан кыштакта Бельгия, Франция, Германия, Люксембург жана Нидерланд кол койгон.

Макулдашуу биримдиктин 25 өлкөсүнөн тышкары Исландия, Лихтенштейн, Норвегия жана Швейцарияны камтыйт.

Акыркы кезде Германия өңдүү айрым өлкөлөр мыйзамсыз миграция жана адам аткезчилигине каршы күрөшүү үчүн чек арадагы айрым бекеттерди текшерүүлөрдү утур-утур киргизип жүрөт.

Читайте на 123ru.net