World News

БУУ 23-октябрды Эл аралык ак илбирс күнү деп белгиледи

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде 23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнү катары кабыл алынды. Маалыматты Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына бөлүшүп, БУУ муну менен президент Жапаровдун демилгесин колдоого алганын билдирди.



Алагөзов президент Жапаровдун быйыл сентябрь айында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-жыйынында ак илбирс региондун туруктуу өнүгүүсүнүн символуна айланганын айтып, аны сактоо боюнча Кыргызстандын аракеттерин тизмектегенин эске салды.



"Бул тарыхый окуя Кыргызстандын Борбор Азиядагы кайталангыс табиятты сактоо боюнча аракеттеринин глобалдык маанисин ачыктап турат. Мындан ары бийик тоолуу экосистеманын символу болгон ак илбирс эл аралык күн катары белгиленет. Ак кар-көк муздуу асман тиреген тоолорубузду байырлаган ак илбирс баштаган ажайып кооз жаратылышыбыздын баркына жетели, бапестеп сактайлы, урматтуу замандаштар!" деп жазды маалымат катчысы.



“Ак илбирсти Кыргызстандын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка президент Садыр Жапаров 2023-жылы кол койгон.




Кыргызстан жапайы жаратылышты коргоо боюнча глобалдык программалардын активдүү катышуучусу.


Ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форумда ак илбирс жашаган 12 өлкөнүн өкүлдөрүнүн жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык экологиялык коомчулуктун колдоосу менен Ак илбирсти коргоо боюнча Бишкек декларациясы бир добуштан кабыл алынган жана Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча комплекстүү глобалдык программасы (The Global Snow Leopard and Ecosystem Protection – GSLEP) жактырылган. (ZKo)




 

Читайте на 123ru.net