World News

Жалпы түрк элдерин “кыргыз тилдүү” деп атоону илимге таңуулоо майнапсыз

 


Илимде кабыл алынган “түрк тилдүүлөр” сөзүнүн ордуна “кыргыз тилдүүлөр” деген терминди киргизүү сунуштарына карата тарыхчынын кезектеги блогу.


 


Интернеттеги ар кыл коомдук тармактарда дүйнөлүк заманбап тил илиминде эчак орун-очок алган “түрк тилдүүлөр” сөзүнүн ордуна “кыргыз тилдүүлөр” деген терминди киргизүүнү жактаган ойлорду жарыялоо азыр деле улантылууда.


Мурдагы блогдорубузда мындай далаалаттардын туура эместигин белгилеген элек.


Айрым жүйөөлөрүбүздү улам башка өңүттөн кайталап турушубуз зарыл окшойт, деп санап калдым.




 


“Түрк” сөзү анатолиялык түрктөрдү гана туюнтпайт


Албетте, "түрк тилдүү элдер" деген сөз илимий термин катары эчак калыптанганын жана кабыл алынгандыгын көпчүлүк замандаштарыбыз дурус билишет.


Мындагы "түрк" сөзүн азыркы түркиялык түрктөр же Улуу Түрк каганатын түзгөн түрктөр деп гана аңдап, кичирейтип элестетип албашыбыз керек.


Ар кандай ири мамлекетти негиздеген жана ошол мамлекетте башкы этнос болгон эл бул мамлекет канчалык ирилеген сайын, ошончолук көп сандагы башка этносторду өзүнө камтыгандыктан, ири мамлекеттин эли катары шарттуу аталат. Муну да көпчүлүк дурус аңдайт.


 




СССРдегилерди “орустар” дей беришчү


Дагы бир мисал келтирсек, бир кездери “Советтер Биримдиги” (СССР) деген мамлекет болгон. 1991-жылдан кийин төрөлгөндөр үчүн ал – “архивдеги” мамлекет. Алардан улуураак постсоветтик муундар үчүн – өзү төрөлгөн учурдагы көп этностуу ири коммунисттик мамлекет.


Ошол “Советтер Биримдиги” өлкөсүнөн чет жактарга саякатка чыккандар үчүн бир кызыктай жагдай кездешчү: ал советтик жаран азербайжан, башкыр, грузин, казак, кыргыз, өзбек, саха, татар, тыва, удмурт, чечен же чуваш тегинде болобу, баары бир чет өлкөлүктөр аларды “орустар” (“Russians”) деп атай беришчү.


Анткени чет жактагылар “Советтер Биримдиги” деген сырткы декорация бул мамлекет орус оторчулугунун жаңыча улантылышынын жаап-жашырылышы болгондугун бейтарап жак катары аңдай алышкан.


Ал эми Советтер Биримдигинин көп этностуу калкы тилдик жактан бир катар топторго жиктелген.


Алардын ичинен славян тилдүүлөрдөн кийинки экинчи орунда турган топ – түрк тилдүү калктар эле.


 




Тилдик топтун шарттуу аталышы


Бул "түрк элдери" сөзү – тектеш тилдерде сүйлөгөн евразиялык калктар үчүн кылымдар бою (Батыш Европада заманбап чыгыш таануу илими калыптана баштаган кездерден алда канча мурда) калыптанган жалпылама этностук-тилдик аталыш.


Бул түрк тилдүү калктардын айрымдары (маселен, илгерки хазар, булгар, огуз, печенек, ж.б., азыркы саха, тыва, чуваш, карайым, ж.б.) саны жагынан азыркы түркиялык түрктөргө салыштырмалуу чакан болсо да, ар кимиси өз чөлкөмүндө уникалдуу тарыхка ээ.


Алар өздөрүн эч качан "түрк" деп санашпаган учурда деле, илимде алардын жалпы тобу "түрк тилдүү элдер” катары шарттуу сыпатталат.


 




Тасма. Махмуд Кашгари Барсканинин мурасы. Алып баруучу – профессор Олжобай Каратаев. УТРК. 11.12.2024.


 


XI кылымда жашаган даңазалуу бабабыз Махмуд Кашгари Барскани арап тилдүү калктар сыяктуу эле түрк тилдүү калктар беркилерден маданий жактан эч кем калышпаган элдер экенин "Дивану лугати т-түрк" ("Түрк тилдеринин сөз жыйнагы"; 1072–1077) деген арапча жазылган китебинде таасын белгилеп, арап жана түрк тилдерин бири-биринен кем калышпастан, марага атаандаш озуп келе жаткан кош аргымакка теңеген.




 


Бул "түрк тилдүү" термини – дүйнөлүк заманбап тил илиминдеги "индоевропа тилдери", "фин-угор тилдери", "семит тилдери", “син-тибет тилдери” деген башка лингвистикалык терминдер сыяктуу эле шарттуу кабыл алынган жана биротоло бекемделген аталыш.


2024-жылга карата дүйнө жүзүндө болжол менен 7 164 тирүү тил бар, деп айтылат. Алар болжол менен 237 тилдик топко (тилдик үй-бүлөгө) жиктелген.


 




Индоевропа тилдери


Ошол тилдер топторунун ичинен индоевропалык тилдерде болжол менен 3 миллиард 230 миллиондон ашуун киши сүйлөйт.


Байыркы замандарда эч кандай индоевропа эли деген көөнө эл болгон эмес. Жазмага түшкөн байыркы индоевропа тилдеринде сүйлөгөн хетт жана индиялык санскрит тилиндеги Веда эстеликтерин калтырган элдер деле өздөрүн “индоевропа эли” деп аташкан эмес.


13 тилди билген полиглот Томас Юнг (Thomas Young; 1773–1829) деген британдык физик, механик, дарыгер, тилчи жана чыгыш таануучу илимпоз 1813-жылы алгачкы болуп “индоевропалык тилдер” (Indo-European) терминин илим чөйрөсүнө киргизген. Ал тек гана Индиядан Батыш Европага чейин таркалган элдер деп географиялык чөлкөмдөрдү тилдер тобунун аталышы катары сунуштаган.




 


Семит тилдери


Ошондой эле байыркы замандарда “семит эли” (Semitic people) деген да өзүнчө эл болгон эмес (б.а. аккад, вавилон, ханаан, финикия, арамей ж.б. элдер өздөрүн "семит" деп аташчу эмес).


Бул сөз – Тоорат, Инжил жана Куранда чагылдырылган байыркы жакынкы чыгыштык санжыралык уламыштагы Нухтун (Noah) үч уулунун бири – Самдын (Shem) урпактары дегенди эле туюнткан шарттуу термин.


Мусулман кыргыздар да өз санжыраларында кыргыздарды жана жалпы түрк жана монгол элдерин Нух пайгамбардын Йафас (кыргызча “Жапис”) деген үчүнчү уулунун урпактары катары сыпатташканы белгилүү. Бирок кыргыздардын байыркы бабалары эч качан Жакынкы Чыгышта байырлашкан эмес.


Диний китептердеги санжырадан алынган мындай шарттуу аталыш менен азыркы семит тилиндеги жөөт жана арап элдерин гана эмес, байыркы аккад, вавилон, ассирия, ханаан, финикия, арамей ж.б. элдерди дагы “бир атанын балдары” катары атап келишет.


Ал эми Нух пайгамбар кабылган “топон суу” жөнүндөгү уламышты алгачкы жолу байыркы семит тилдерине (флексиялуу тилге) кирбей турган чоочун тилде (агглүтинатив тилде) сүйлөгөн байыркы өнүккөн эл – Эки дарыя аралыгындагы шумер эли жараткандыгы маалым.


Шумерлерден кийин Эки дарыя аралыгында өкүм жүргүзгөн Аккад мамлекетинин эли өздөрүн эч качан Нухтун же Самдын урпактары санашкан эмес. Бул санжыралык уламыш кийинчерээк гана жөөт тилинде жаралган “Тоорат” диний китебине, андан ары Инжилге жана Куранга түшкөн.


Бирок азыркы илимде “семит тилдери” сөзү 1780-жылдардан бери шарттуу колдонулуп келет.




 


Фин-угор тилдери


Европадагы жана Азиядагы фин-угор элдеринин эң байыркы бабалары деле өздөрүн кантип аташкандыгын эч ким билбейт. Азыркы байырлаган жерине карап аларды деле “евразиялык тилдердеги элдер” деп шарттуу атап салышса болмок. Бул тилдерге кирген фин, эстон, мажар жана башка элдер Европада байырлашса, ал эми аларга тектеш ханты жана манси элдери Түндүк Азиядагы Шибердин түндүк чөлкөмдөрүн байырлашат.


Фин-угор элдери самодий тилдериндеги элдерге тилдик жактан жакын келгендиктен, алардын топторун шарттуу түрдө бирдиктүү “урал тилдери” деген топ катары сыпатташат.


Бирок бул – алардын эң байыркы ата-бабасы “урал эли” деп аталган экен, дегенди туюнтпайт. Анан калса, фин-угор жана самодий элдеринин эң байыркы ата-бабалары Урал тоолорунан алда канча алыскы чыгыштагы түндүк азиялык – шибердик чөлкөмдөрдү байырлашкан.




 


Алтай тилдери


Бул “урал” элдери” тобуна кирген элдер тилдик жактан “алтай элдери” деген топко кирген элдерге жакын болгон деп 1960-жылдарга чейин саналып келген. Азыркы тапта Батыштагы көпчүлүк тилчи илимпоздор “урал-алтай тилдери” деген жалпылама аталышты орунсуз деп четке кагышууда.


Бул кийинки топтун аталышындагы “Алтай” сөзү деле шарттуу кабыл алынган. Алтай тилдерине азыркы түрк тилдүү, монгол тилдүү, тунгус-манжур, корей жана (ыктымал катары) жапон тилдүү элдер кирет, делет.


Бул элдердин да эң байыркы бабалары болгон этностор иш жүзүндө кандайча аталышкандыгы эч белгисиз.


Албетте, ошол эң байыркы эл азыркы таптагы географиялык ири чөлкөм болгон “Алтай” сөзү менен аталбагандыгы түшүнүктүү.


Алтай элдеринин эң байыркы топтору Алтайдан чыгыштагы тээ Саха жергеси, Ордос, Манжурия жана Корей жарым аралына чейинки ири мейкиндикте байырлаган, демек, алардын мекенин чаканыраак Алтай чөлкөмү менен чектөөгө болбойт.


 




Син-тибет элдери


Ал эми “син-тибет тилдери” (Sino-Tibetan) деген тилдик топту кээде “Гималайдын тескейиндеги (Trans-Himalayan) тилдер” деп да атап коюшат. Кытай (ханзу). Дунган, тибет, мянма (бирма) жана башка тилдерле сүйлөгөн бул калктардын жалпы киши саны 1 миллиард 360 миллиондон ашат, деп жоромолдонот. Алардын ичинен тибет-бирма тилдериндегилердин саны 60 миллиондой киши деп божомол кылынат.


Албетте, бул элдердин айрымдары Гималайдын түндүгүндөгү Капакорум, Тибет сыяктуу тоолуу өрөөндөргө эч качан караандабастан, алмустактан бери Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азияда өрөөндүү жерлерде байырлап келишкен.


Азыркы кытай (ханзу) тили менен бирге ушул тилге өзгөчө жакын болгон тектеш тилдерди жалпылоо жана аларды тибет-бирмалык тилдер тобунан айырмалоо үчүн “синдик” (Sinitic) деген термин да колдонулуп келет.


 




Мындагы “син” сөзү б.з.ч. III кылымда падыша Цин Шихуанди түзгөн “Цин” деп аталган жалпы кытайлык ири мамлекеттин атын эске алат. Латын тилинде кийинчерээк “Sinae” термини колдонулган. Иран тилдүү элдер да Кытайды “Чин” деп аташкан. Араптар бул өлкөнү “ас-Син” (الصين) дешкен.


“Манас” эпосунда дагы “Чын” жана “Мачын” деген өлкө, этнос жана жер аталыштары Кытайга карата колдонулган “Чин” деген терминдин кыргызча бир атаандаш варианты болгон.


Ал эми орто кылымдардын эрте мезгилинде түрк элдери Кытай мамлекетин жана элин “табгач” деп аташкан. Кийинчерээк кытаңдардын Ляо сулалесинин доорунан тартып жалпы Кытайды жана анын элин түрк элдери “кытай” сөзү менен атай башташкан. Славяндар бул сөздү Улуу Жибек жолу аркылуу түрк элдеринен өздөштүрүшүп, бул Чыгыштагы өлкөнү “Китай” деп атай башташкан.




 


Бул аталыштар илимде кеңири колдонулууда


Жалпысынан, бул тил топторунун аталыштары – дүйнөлүк илимде кабыл алынып кеткен шарттуу гана аталыштар.


Анан бүгүн эле Кыргызстанда же Шиберде кимдир-бирөө түшүнөн чочуп ойгоно калып, "түрк тилдүү" сөзүн "кыргыз тилдүү" деп өзгөртөм деп чыкса эле, анын илимден алыс, жарма патриоттук далаалаттары же жарма патриотторго жагынууга эсептелген түркөй амалы, албетте, эч майнапсыз аяктайт.


Мындай жарамсыз дилетанттык сунуш -- марстагылар чочуп ойгоно калып: "Э-эй достор, "Күн системасын" мындан ары "Марс системасы" деп эле атап жүрөлүчү", -- дегендей эле ишке ашпас кеп.


Өз көкүрөгүн курулай койгулап, “биз байыркы элбиз” дегендерге көп тилдерди үйрөнүп, жалпы адамзаттын орток тарыхын жана чөлкөмдүк өзгөчө тарыхый баскычтарын жана дүйнөлүк тил илимин терең изилдесеңиздер, деген сунушту айтаар элем.




 


Курулай дымак эмес, ырааттуу айдыңдык мээнет керек


Азыркы Күн системасы деле жалпы ааламда бир кыпындай сезилет. Ал эми азыркы тил топтору – илимде катталган жана катталбай калган тилдердин чакан гана бөлүгү.


2023-жылга карата жалпы адамзаттын саны 7 миллиард 979 миллион киши болгон.


Жалпы дүйнө жүзүндө бери дегенде киши саны 180 миллиондой болгон түрк тилдүү элдер бар.




 


Дүйнө жүзүндө кыргыз тилинде 6 миллиондон ашуун гана киши сүйлөйт.


Эгемен Кыргыз Республикасынын калкы 2024-жылга карата 7 миллион 231 миң кишини түзөт.


Бабаларыбыз “сарт санаасы менен байыйт”, “жылкыңа ченеп ышкыр” деген накыл кептерди бекеринен айткан эместир.


Башка тектеш элдерге “мындан ары өзүңөрдү кыргыз тилдүү деп жүргүлө” деп тыңсына кайрылып, бөөдө жерден шылдыңга кабылбастан, жалпы адамзаттын, анын ичинде түрк элдеринин жана өз улутубуздун бай тарыхын, этнографиясын, маданиятын калыс изилдөө менен алектенгенибиз жөн.


Курулай империячылдардын жана “таза кандуу арийчилердин” эмес, саны жагынан кыргыздардан алда канча аз болгон, бирок өз эгемен мамлекетин, тарыхын жана маданиятын кастарлап сактап жана өнүктүрүп келе жаткан эстон, литва жана латыш элдеринин айдыңдык өрнөгү биз үчүн алгылыктуу.


 


Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.


 

Читайте на 123ru.net