World News

AI: Сербиянын бийлиги журналисттерди көзөмөлдөө үчүн санарип технологиясын пайдаланат

Сербиянын бийлиги журналисттер менен активисттердин чөнтөк телефондорун көзөмөлдөө үчүн санарип технологияларын пайдаланган. Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму ушундай бүтүмгө келди.


16-декабрда чыккан баяндамада сербиялык бийлик жергиликтүү NoviSpy жана Израилдеги Cellebrite компаниясы иштеп чыккан технологиянын жардамы менен кабарчыларды жана жарандык коомдун өкүлдөрүн “мыйзамсыз” бутага алганы айтылат.


Отчетко журналист менен активисттин көрсөтмөлөрү камтылган. Алар кармоочу жайда отурганда жана маектешүү маалында полиция, Коопсуздук жана чалгын агенттиги жабдыктарына тыңчылык программаларды орнотушканын айтып беришкен.


Уюм белгилегендей, “иликтөө серб бийлиги көзөмөл кылуу жана жарандык коомго каршы репрессия куралы катары санарип технологияларын колдонгонун ачыкка чыгарды”.


Баяндаманын авторлору Cellebrite компаниясынын продукциясын дүйнө жүзүндөгү атайын кызматтар кеңири колдонорун, бул адам укуктарын, айлана-чөйрөнү, сөз эркиндигин коргогондорго, тийиштүү укуктук көзөмөл болбосо тобокелдик жаратарын эскертишет.


Укук коргоочу уюмга жообунда израилдик компания алардын продукциясы “мыйзам чегинде иш алып баруу үчүн лицензия алганын, тартип коргоо органдарына санкцияланган тергөө жүргүзүүдө ордердин же макулдуктун негизинде көмөктөшөрүн” билдирди.


Amnesty International акыркы жылдары Сербияда бийликке каршы акциялардын ар бир толкунунан кийин сөз эркинидигин коргогондор мамлекеттик органдардын куугунтугуна, жек көрүү маанайына туш болгонун, бейөкөмөт уюмдар, маалымат каражаттары, журналисттер чагымга кабылганын, тынч демонстрацияга чыккандар камалганын белгилешет.




 

Читайте на 123ru.net