World News

Сотто Самат Матцаковдун адвокаттарынын арызы карала баштады

17-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда адвокат Самат Матцаковдун жактоочуларынын тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине даттануусу боюнча арызы карала баштады.


Сотто Матцаковдун кызыкчылыгын коргоо үчүн он чакты адвокатка ордер берилди. Алар “адвокат кармалган учурда тергөөчүлөр анын жакындарына убагында маалымат берген эмес, УКМКнын тергөө абагына камакка алынгандан кийин кийим-кече, тамак-аш берүүгө мүмкүнчүлүк берген жок” деген нааразылыктарын айтышты.


Тергөөчү Самат Матцаковдун кармалышы боюнча жакындары жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалымат алганын, ошол жетиштүү болгонун айтты.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.




 


Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү карап, 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.


Атайын кызмат адвокатка козголгон иш тууралуу алты күндөн кийин гана – 5-декабрда маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган.


Самат Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирген.


3-декабрда Кыргызстанда бир нече жактоочу Самат Матцаковго кылмыш иши козголуп, анын камакка алынышын айыптап чыгышкан. Алар маалымат жыйын өткөрүп, бул окуядан кийин адвокаттык ишмердиктин мыйзамда көрсөтүлгөн кепилдиктерине коркунуч жаралганын белгилешкен. (BTo/ZKo)




 

Читайте на 123ru.net