World News

“Ысык-Ата” санаторийи реконструкциядан кийин ачылды

17-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Ысык-Ата” санаторийи реконструкциядан өткөндөн кийин ачылды.


Санаторийдин оңдоодон кийинки ачылышына президент Садыр Жапаров катышып, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин “Ысык-Ата” Кыргызстан профсоюздар федерациясынын карамагында болуп, дээрлик каралбай калгандыктан авариялык абалга келгенин айтты. 


Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, “Ысык-Ата” санаторийинин салыктык чегерүүлөр, социалдык фондго төгүмдөр, керектелген электр энергиясы үчүн төлөөлөр жана кызматкерлердин эмгек акысы болуп 90 миллион сомдон ашык карыздары топтолуп калган. Анын баары жоюлду.


Санаторийдин каттоо кеңсеси, төрт ысык булак бассейни оңдолуп, клиниканын капиталдык ремонту бүткөрүлгөн. Бир нече корпус реконструкцияланып, имараттарга жаңы эмеректер сатылып алынган. Ошондой эле футбол аянтчасы, балдар ойной турган заманбап аянтча, амфитеатр курулду.


“Ысык-Ата” санаторийи Борбор Азия чөлкөмүндө ысык булактары менен белгилүү. Бишкек шаарынан 78 чакырым алыстыкта жайгашкан санаторийдеги кайнар булактарга артрит, полиартрит, гинекологиялык оорулардан, нерв системасы жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынан жабыркагандар келишет. (BTo)




 

Читайте на 123ru.net