World News

Бишкекте кыйраган тик учактын учкучу мамлекеттен жардам берилбей жатканын айтып чыкты

17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурундагы тик учак кырсыгында жараат алган учкуч Максат Бактыбеков бийликке кайрылды. Ал иш боюнча териштирүүнүн жыйынтыгы чыга электигин, кырсыктан улам баспай калганын жана ипотекага алынган үйдө жашап жатканын белгилеген.


“Келинчегим Коргоо министрлигине барып, ипотекага болгон карызыбызды жаап бербейсиздерби десе, макул болушкан. Кийин телефон чалып, "күйөөңүз 20 жыл кызмат кылганда жаап бермекпиз" деп коюшту. Менин 13 жылдык тажрыйбам бар. Мен шалаакылыктын айынан ушундай болуп калдым. Негизи учкучтар 65 жашка чейин иштесе болот, менин карьерама да уланбай калды”.


Бактыбеков президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ишти аягына чыгарып берүүнү өтүнгөн.


Анын кайрылуусуна Коргоо министрлиги комментарий берип, ага каржылык жана медициналык колдоо көрсөтүлүп жатканын билдирди.  


“Коргоо министрлигинин өздүк курамынан – 1 млн. 818 миң 103, камсыздандыруу – 288 миң, акчалай үлүш – 195 миң 833, турак жай жалдагандыгы үчүн – 99 миң сом берилген. Капитан Максат Бактыбеков учурда ооругандыгы үчүн өргүүдө”, - деп жазылган билдирүүдө.


Капитан министрликтин медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө экени, тийиштүү дары-дармектер менен камсыз болуп жатканы кошумчаланган.


Быйыл 17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурунда Ми-8МТВ аскердик тик учагы кулаган. Кырсыктан экипаждын командири, 29 жаштагы Жайыл Самудинов каза тапкан.


Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, калганы ооруканада дарыланып жатканын билдирген. Окуя боюнча кызматтык териштирүү башталып, бир нече кызматкер жумуштан убактылуу четтетилген.


Башкы прокуратура бул факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин 401-беренесинин 3-бөлүгү ("Учуу же аларга даярдык көрүү эрежелерин бузуу)" менен кылмыш ишин козгогонун билдирген. Бул иштин соңку жагдайы тууралуу маалымат бериле элек. (TAb)

Читайте на 123ru.net