World News

Милицияны видеого тартып, жарыялагандарды жазалоо долбоору өткөн жок

Жогорку Кеңештин 19-декабрдагы жыйынында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, cүрөт-видеого тартып, аларды каралоо максатында материалдарды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоору өткөн жок.


Документке 44 депутат “макул” деп добуш берди. Алты эл өкүлү – Чыңгыз Айдарбеков, Жанар Акаев, Сеидбек Атамбаев, Дастан Бекешев, Бактыяр Калпаев жана Айсулуу Мамашова “каршы” болду.


Бул мыйзам долбоору парламенттин 30-октябрдагы отурумунда укугун коргогусу келген жарандарга каршы иштеп калышы ыктымал деген сын-пикирлерден кийин күн тартибинен алынган. Жогорку Кеңешке кайра киргизилип 28-ноябрда биринчи окуудан өткөн.




Мыйзам долбоорунда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баш ийбөө, алардын ишине кийлигишүү жана дискредитациялоо максатында тартылган видеолор үчүн 5000 сом айып пул же 5 суткадан 7 суткага чейин камакка алуу жазасы каралган.


Коомдук тартипти бузууга бөгөт койгон кызматкерлерге каршылык көрсөтүү же кызмат милдетин аткарып жаткан адамга зомбулук көрсөтүү үчүн 500дөн 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтө айып пул салуу же 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу чаралары каралган.



“Медиа полиси институту” коомдук фонду мыйзам долбоорунун айрым беренелери укук коргоо кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна алып келерин эскерткен. (BTo)




 

Читайте на 123ru.net