"Камчыбек Ташиевден жардам сурайм". Зомбулукка кабылган Мырзайымдын арыз-муңу
Ошто аялын жана кайненесин сабаган деп шек саналган 35 жаштагы жаранга кылмыш иши козголуп, бир айга камалды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (“Уруп-сабап кыйноо”) боюнча айып тагылууда. Токмоктолгон 24 жаштагы келин күйөөсүн жоопко тартууну суранып, бул ишти калыс териштирүү үчүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылды.