World News

Дүйшөнкул Чотонов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды

Саясатчы Дүйшөнкул Чотонов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 19-декабрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.


Дүйшөнкул Чотонов - “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Апрель окуясынан кийин өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп иштеген.


Чотонов "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен чогуу 2017-жылы '"Мегаком иши" боюнча айыпталып, “орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган” деген көрсөтмөнүн негизинде коррупцияга камалган. Ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.




Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш кайра кароого жөнөтүлүп, 2021-жылы 13-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды актаган чечим чыгарган.


Алар өздөрүнө коюлган айыпты ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугу катары баалашкан.


2022-жылы Москвада Маевский опузалоо фактысы боюнча 11 жылга эркинен ажыратылган.  (TAb)

Читайте на 123ru.net