World News

Грузин бийлиги "чет элдик агент" мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү убада кылды

Грузия өкмөтүнүн мүчөлөрү Европа кеңешинин баш катчысы Ален Берсе менен жолуккандан кийин талаштуу "чет элдик агент" тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү убада кылышты. Берсе бул тууралуу 20-декабрда Тблисиде үч күндүк сапарын жыйынтыктап жатып курган маалымат жыйында айтты. Ал Грузиянын, Венеция комиссиясынын жана Европа кеңешинин өкүлдөрү кирген жумушчу топ түзүлүп, мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү чогуу иштеп чыгышарын коушмчалады.


"Грузиянын өкмөтү "Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө" мыйзамдын мазмунун өзгөртүүгө убада берди", - деди Берсе.


Байкоочулар жана оппозиция "Орусияныкынан көчүрүлгөн мыйзам" деп сындаган мыйзам чет жактан каржыланган уюмдарды "чет элдик агент" деп катталууга милдеттендирет.




Май айында грузин парламенти кабыл алган мыйзам 1-августта күчүнө кирген.


АКШ, Британия баш болгон бир катар мамлекеттер бул мыйзамдын кабыл алынышын демократияга бүлүк салуу аракети деп сындаган. Алтургай Вашингтон бул үчүн бир катар грузин аткаминерлерине санкция салган. Ал эми Москва, тескерисинче, расмий Тбилисини мыйзамды кабыл алганы үчүн мактаган.


Берсенин сапары Грузияда саясий чыңалуу курчуп турган маалга туш келди. Ал "Грузин кыялы" партиясынын негиздөөчүсү Бидзина Иванишвили, өкмөт мүчөлөрү жана оппозиция өкүлдөрү менен жолукту.


19-декабрда АКШ менен Британия Грузиянын Ички иштер министрлигинин жетекчилерине санкция салган.




 

Читайте на 123ru.net