Курултайдын делегаттары Бишкектеги ыш, тыгын маселесин көтөрүштү
Үчүнчү Элдик курултайдын делегаттары Айтбек Курманов менен Саадатбек Күжөгөнов Бишкек шаарындагы негизги көйгөйлөрдөн ыш, жол тыгыны, автоунаа токтотуучу жайлардын аздыгы жана башаламан курулуш маселелерин көтөрүштү.
Алар шаардын көркүн бузган курулуштарды токтотуп, ыш көйгөйүн чечүү керектигин айтышты.
Бишкек соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөдөгү абасы булганган жана эң кир шаарлардын сап башынан түшпөй келет. Кыш мезгилинде борбор калаадагы абанын булганышы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган абанын сапаты боюнча нормадан дээрлик 30 эсеге жогору болот.
Абаны негизинен жер тамдарда жагылган от, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаалар булгай турганы айтылып келет.
Андан тышкары жол тыгыны боюнча да нааразылыктар айтылууда. Июлдун соңунда Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкектеги мектептерде сабактар саат 8:00дөн эрте башталууда. Ошол эле документте борбор калаадагы кесиптик билим берүү мекемелеринде окуу саат 10:00дөн эрте башталбашы керектиги жазылган.
20-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда үчүнчү Элдик курултай өтүп жатат. Курултайга 698 делегат катышууда. Алардын 539у эркектер, 161и аялдар жана 61 делегат - Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү. (BTo)