World News

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду

Кыргызстандын Министрлер кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу компаниясы” ишканасы 20-декабрда инвестициялык макулдашууга кол койду. Кыргыз өкмөтүнүн сайтына жарыяланган маалыматка караганда, кол коюу аземи Бишкектеги “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясында өттү.


Макулдашууга Кыргызстан тараптан транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жана “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Чжун Шэнгуй кол койгон. Иш-чарага Кытайдын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ли Баоцзе жана Өзбекстандын элчиси Саидикрам Иязходжаев да катышты.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев макулдашуу темир жолун долбоорлоону, курууну, каржылоону, эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү камтый турганын, бул документтин кабыл алынышы менен процесс аны ишке ашыруу бөлүгүнө өткөнүн белгиледи.


“Жетекчилерибиздин ар тараптуу колдоосу менен гана бүгүн биз бул долбоордун фундаменталдык документтеринин бирине кол коюуга мүмкүнчүлүк алдык”, - деди Төрөбаев.


20-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталарын билдирген.


“Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу долбоорунун курулушу утур-утур жылып келаткан. Садыр Жапаров быйыл июль айында үч өлкөнүн темир жолунун курулушу августта башталарын билдирген.




Бишкекте түзүлгөн “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” ишканасынын негиздөөчүсү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.


2024-жылы 6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон.


“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.


Кыргыз өкмөтү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушунун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган.


Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багыты боюнча салынат. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы коллея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат. (TAb)

Читайте на 123ru.net