World News

Камактагылардын жакындары №1 тергөө абагынын алдына чогулду

Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын (расмий аталышы №21 тергөө изолятору) алдына камактагылардын жакындары чогулуп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан абактардагы абал боюнча түшүндүрмө талап кылышты. Он чакты тургун абакта жаткан жакындары сабалганы тууралуу маалымат алышканын, алардын абалына тынчсызданып жатканын билдиришти.


ЖАКтын кызматкерлери чогулгандар менен жолугушкан жок. Милиция кызматкерлери гана келип, тартипти сактоого чакырды.


Мунун алдында бир катар басылмалар ЖАКтын жетекчиси алмашканына каршылык иретинде абакта камалган адамдар ачкачылык жарыялаганын жазышкан.


24.kg медиасы камакта жаткандардын жакындарына таянуу менен абакта жаткандардын айрымдары сабалганын, каршылык ошондон кийин башталганын кабарлады.


"Азаттыктын" социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына да абакта жаткандардын жакындары кайрылып, камактагы туугандары сабалганы жөнүндө маалымат алып жатышканын даттанууда жана тактап берүүнү өтүнүүдө.


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАК) басма сөз кызматы абакта камалган адамдар жапырт ачкачылык кармаганы жана абактагылар сабалганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.


Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) төрагасы Аскат Эгембердиев 18-декабрда кызматынан кетип, Министрлер кабинетинин төрагасы анын ордуна Чыңгыз Кожошевди жетекчи кылып дайындаган.


Расмий маалыматка ылайык, Чыңгыз Кожошев 1985-жылы Ош шаарында туулган. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) “юриспруденция” адистигин аяктаган.


2023-жылдан бери Ош шаарындагы Жаза аткаруу кызматына караштуу №25 (СИЗО-5) мекеменин жетекчиси болуп иштеп келаткан. Ага чейин Ички иштер министрлигинде (УКМК) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эмгектенген. Ал аталган кызматтарда кайсы жылдары иштегени тууралуу так маалымат жок.


2022-жылы Кыргызстандан күч менен чет өлкөгө чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык тармактардагы баракчаларына Чыңгыз Кожошев буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жан сакчысы да болуп иштегенин жазды. Бул тууралуу ЖАКтын жаңы төрагасы комментарий бере элек.


Кызматтан кеткен Аскат Эгембердиев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп 2020-жылдын октябрь айында дайындалган. (ErN)

Читайте на 123ru.net