World News

Аба ырайы: айрым жерлерде туман түшөт

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 25-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.


Абанын температурасы:



Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 3…8;



Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…7;



Баткен облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;


Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;



Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күңдүз 0…5;



Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8.



Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11° суук, күндүз 4…6° жылуу болот.

Читайте на 123ru.net