World News

Түштүк Корея: Оппозиция президенттин милдетин аткаруучуга импичментти колдойт

Түштүк Кореянын оппозициясы президенттин милдетин аткаруучу Хан Док Суга импичмент жарыялоо жараянын баштады. "Рейтер" агенттиги добуш берүү жума күнү болорун жазды.


Демократиялык партия Хан конституциялык соттун судьяларын дайындоону жактырбаса, аны кызматтан кетиришерин эскертишти. Парламент үч талапкерди колдогон, бирок Хан башкаруудагы жана оппозициядагы партиялар саясий мунасага келмейинче судьяларды дайындабай турганын айткан.


Хан импичментке туш болсо, финансы министри президенттин милдетин аткаруучу болуп калмакчы.


14-декабрда мыйзам чыгаруучулар президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдогон. Конституциялык сот 180 күндүн ичинде аны кызматынан биротоло ажыратууну же ыйгарым укуктарын калыбына келтирүүнү чечүүгө тийиш.


Учурда Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салынган, аны камакка алуу маселеси каралууда.


Мыйзамга ылайык, президенттин милдетин аркалоо өкмөт башчыга жүктөлгөн.


Президент 3-декабрда күтүүсүздөн өлкөдө аскердик абал жарыялаган. Ал өз чечимин "оппозициянын мамлекетке каршы ишмердүүлүгү өкмөткө жолтоо болуп жатканы" менен түшүндүргөн.


Анын кайрылуусунан бир нече сааттан кийин парламент бул жарлыкты жокко чыгарган. Юн Сок Ёл жарлыгы үчүн коомчулуктан кечирим сураган. Коргоо министри кызматтан кетип, көп өтпөй камакка алынган.




 

Читайте на 123ru.net