World News

Газадагы соккуда палестиналык беш журналист каза тапканы кабарланды

Бейшембиде Израилдин Газага урган соккуларынан кеминде он киши каза тапты, арасында беш журналист бар. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу башкарган тилкенин саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына таянып жазды.


Кабарга караганда, беш киши Зейтун районундагы турак үйгө сокку урулганда набыт болду, 20дайы жараат алды.


"Бирок курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн, урандылардын астында адамдар калууда", - деп кошумчалады мекеме.


Нусейратта Ал-Авда ооруканасынын жанында беш журналист алардын машинесине дүрмөт тийгенде окко учту. Палестиналык маалымат каражаттары жана жергиликтүү кабарчылар унаада “пресса” деген жазуу бар болгонун, маркумдар оорукананын жана Нусейрат качкындар лагеринин ичинде болгон окуяларды чагылдырып жүрүшкөнүн белгилешет.


Маркумдар Al-Quds Al-Youm телеканалынын журналисттери болчу.


Израилдин армиясы ХАМАС менен байланыштагы “Ислам жихады” тобунун согушкерлерин бутага алганын билдирди.


“Журналисттерди коргоо комитетинин” маалыматы боюнча согуш башталгандан бери Газада 130дан ашуун палестиналык журналист каза тапты. Израил чет элдик кабарчыларга анклавга кирүүгө уруксат бербейт.


Газадагы согуш 2023-жылы 7-октябрда хамасчылардын Израилге кол салуусунан башталган. Алар 1200дөй адамды өлтүрүп, 250дөн ашуунун барымтага алган.


Тилкенин саламаттык сактоо мекемеси согуш башталгандан бери анклавда 45 миң 361 киши каза тапканын бейшембиде билдирди.




 

Читайте на 123ru.net