World News

Январь окуясы: Кыргыз, өзбектерди кыйнаган полиция кызматкерлерине үч жыл суралды

Казакстанда Январь окуяларында Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандарын кыйнаганы үчүн айыпталган полиция кызматкерлерин үч жылга кесүү суралды. 26-декабрда Алматы облусунун Карасай районундагы сот тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы жазды.


Прокурор Арыстанбек Аликенов алты тартип коргоочуну кыргыз, казак жана өзбек жарандарын кыйноого алганы үчүн күнөөлүү деп табууну, үч жылга абакка кесүүнү жана аскердик чиндеринен ажыратууну өтүндү.


Кошмамбет айылындагы кармоочу жайда ыдык көргөн өзбекстандык 23 жарандын кызыкчылыктарын коргогон адвокат Айна Шорманбаева суралган жазаны жумшак деп эсептейт.


Сот жараяны быйыл 16-сентябрда башталган. Полиция кызматкерлери «Адамдын ар-намысына шек келтирген, ырайымсыз мамиле кылуу, кыйноо» жана «Бийлигинен жана кызматтык милдетинен аша чабуу» беренелерине ылайык айыпталууда.


Прокуратуранын материалында айтылгандай, 2022-жылдын 7-январында чек ара кызматынын атайын бөлүгү тополоңдун катышуучуларын колго түшүрүү операциясында Алматы-Бишкек жолунда Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жүз чакты жаранын кармашкан. Алар изоляторго жеткирилгенде тиешелүү документтер толтурулган эмес. Кармоочу жайда ырайымсыз кыйноолорго туш болгон.


Январь айындагы башаламандыкта Казакстандын мамлекеттик телеканалы "тополоңго катышканы үчүн акча алганын моюнуна алган" жигиттин видеосун көрсөткөн. Кийинчерээк ал кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени, милиция аны кыйнаганы ачыкка чыккан. Бара-бара бул иш дипломатиялык талашка айланган. Дал ушул окуядан кийин коңшу Казакстандын бийлигинин "Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринен келген террорчулар" деген жүйөсү суу кечпей калган.


2022-жылы январда кошуна өлкөдө газдын кымбатташына каршы митингдер бийликтин кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияларга айланып, тоз-тополоң менен коштолгон. Анда расмий эсеп боюнча 238 киши набыт болгон.


Эксперттер бул кандуу окуялар боюнча чындык толук ачыкка чыга элек деген пикирде.

Читайте на 123ru.net