World News

Улуттук банк 53,1 млн доллар сатты

Улуттук банк 28-декабрь күнү валюта базарына 53,1 млн доллар чыгарды. Бул декабрь айынын ичинде үчүнчү жолу жүргүзүлүп жаткан интервенция.


9-декабрда Улуттук банк акча базарына 88 млн доллар саткан. Көп өтпөй, 13-декабрда кезектеги интервенция жүргүзүп, базарга 51,7 млн доллар чыгарган.



Жыл башынан бери башкы банк 26 жолу интервенция жасады. Анын ичинде 13 ирет валюта базарынан доллар сатылып алынса, 13 жолу базарга доллар чыгарылып, жалпы суммасы 675,65 млн доллар сатылды. Ал эми базардан 369,35 млн доллар сатылып алынган.



Былтыркы жылы Улуттук банк валюта базарына 655,72 млн доллар саткан.


Ушул тапта доллардын расмий курсу 86 сом 99 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 87 сомдон сатып алынып, 87 сом 40 тыйындан сатылууда. (ZKo)




 

Читайте на 123ru.net