World News

Өкмөттө Бишкектеги ыш маселеси талкууланып, чечимдер кабыл алынды

Үч министрликке (Финансы министрлиги, Энергетика министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги) жана Бишкек шаарынын мэриясына борбордун чет жакаларындагы жаңы конуштарды газдаштыруу боюнча план иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.


Андан тышкары Саламаттык сактоо министрлиги ыштын таасиринен улам келип чыгуучу оорулардын методологиясын иштеп чыгышы керек.


Мамлекеттик курулуш агенттиги жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдө өз алдынча газ казандарынын болушуна көзөмөл жүргүзөт. Ошондой эле Кыргызстанга сырттан алынып келген машиналардын катализаторлору текшерилгенден кийин гана бажыдан өткөрүлүшү керек.




Мындай чечимдер 30-декабрда Министрлер кабинетинин тескемеси менен бекитилген 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарында абанын сапатын жакшыртуу боюнча пландын аткарылышы талкууланган жыйында кабыл алынды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аткарылган иштер боюнча бир айдан кийин отурум болорун жана анын жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине баа берилерин билдирди.


Баш калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда борборду каптаган ыш, түтүн күч алып, экология маселеси курчуйт. Бишкек абасы кир шаарлардын сап башына чыгат.


Абаны негизинен жер тамдарда жагылган от, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаалар булгай турганы айтылып келет. (BTo)




 

Читайте на 123ru.net