World News

Кыргызстанда мамлекеттик “Кылым банкы” түзүлөт

Кыргызстанда жаңы “Кылым банкы” ачык акционердик коому түзүлөт. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26-декабрда кол койду.


Токтомдо “Кылым банкынын” уставдык капиталы 1 миллиард сом болору белгиленген. Каражат бюджеттен которулат жана 2027-жылга чейин банктын уставдык капиталын 5 миллиард сомго жеткирүү керектиги жазылган.


Президенттин иш башкармасы “Кылым банкына” жайгаша турган имарат таап берип, шарт түзөт. 


Кыргызстанда ушул тапта жалпысынан 21 коммерциялык банк иштейт. Алардын ичинен мамлекеттик эки банк бар. Алар: “Элдик банк” жана “Айыл банк”. (BTo)




 

Читайте на 123ru.net