World News

Казакстандык активист Кайрат Клышев түрмөдөн чыкты

Казакстанда беш жылга абакка кесилген жарандык активист Кайрат Клышев 30-декабрда боштондукка чыкты. Бул тууралуу ал өзү "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.


"Мен толугу менен жаза мөөнөтүмдү өтөп бүттүм. Эми алты ай сыноо мөөнөтүндө (пробацияда) болом. Ошондуктан 31-декабрь күнү полицияга барып, каттоого турушум керек. Андан тышкары коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө беш жылга тыюу салынган. Ал мөөнөт бошотуларым менен башталды", - деди Клышев.


Ал 2021-жылдын октябрь айында беш жылга эркинен ажыратылган. Коомдук-саясий иштер боюнча өз көз карашын ачык билдирип жүргөн активистти сот тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкан деп тапкан.




Европарламент 2024-жылдын 17-январында Борбор Азия боюнча кабыл алган резолюциясында Клышевди "саясий туткун" катары көрсөтүп, Казакстандын бийлигин аны бошотууга чакырган.


Клышев ошондой эле казакстандык укук коргоочулар түзгөн "саясий туткундардын" тизмесине да кирген.


Расмий Астана өлкөдө саясий туткун жана саясий куугунтуктоо жок экенин билдирип келет.




 

Читайте на 123ru.net