World News

Жаңы зеландиялыктар менен австралиялыктар 2025-жылды тосуп алды

Австралиялыктар менен жаңы зеландиялыктар дүйнөдө алгачкылардан болуп 2025-жылды тосуп алышты.


Сидней шаарындагы Сидней-Харбор-Бриж көпүрөсүндө фейерверктер 12 мүнөт тынбай атылды. Ал үчүн тогуз тонна пиротехника колдонулду.


Бул ажайып көрүнүштү көрүүгө миллиондой адам чогулганы кабарланды. Ал эми шоуну атактуу ырчы Робби Уильямс алып барды.


Ал эми Жаңы Зеландиянын Окленд шаарында миңдеген адам көчөгө майрамдоого чыгышты.




Саналуу сааттардан кийин Жаңы жылды жапониялыктар тосуп алышат. Ал жакта 31-декабрда катуу кар жаап, ондогон авиакаттамдар жылды. Хокайдо аралынын айрым райондорунда кардын калыңдыгы 20 сантиметрге жетти. Көптөр мындан улам үй-бүлөлөрү менен майрамдай албай калышты.




 

Читайте на 123ru.net