World News

Улуттук банк 2024-жылы 675 млн доллар сатып, 370 млн доллар сатып алды

Улуттук банк 2024-жылы валюта рыногуна 26 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен 13 жолу АКШ долларын сатып алып, 13 жолу саткан. Расмий жарыяланган маалыматка ылайык, жыл ичинде 675,6 млн доллар сатылып, 369,8 млн доллар сатып алынган.


Жылдын биринчи жарымында – марттан июль айына чейин негизинен долларды сатып алып турган. Августтан декабрга чейин активдүү түрдө валюта сатуу менен чыгып келет.




Долларды эң көп сатуу ноябрь айында жүргүзүлүп, бир айда 223 млн доллар сатылган.


Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенцияларды жасап турат. (KbA)




 

Читайте на 123ru.net