World News

Кыргызстанда 169 мектепке жаңы директор дайындалды

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына тандоодон өткөн жеңүүчүлөрдүн тизмесин бекитти. Мындай маалыматты мекеменин маалымат кызматы таркатты.


Өлкө боюнча жалпысынан 169 жетекчи бекитилген. Алардын аты-жөнү жана мектептердин тизмеси жарыяланган жок.


Сынактык тестирлөө 2024-жылдын 25-26-декабрда Бишкек жана Ош шаарларында өткөн. Анда жогорку упай алган талапкерлер тандалып алынган.


2022-жылдан тарта өз ордунда беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматынан бошотулуп, алардын ордуна сынак менен тандалып алынган жетекчилер дайындалып келет.


Президент чыгарган жарлыкка ылайык, мектеп жетекчилери ар беш жылда сынак менен тандалышы керек.  (KbA)




 

Читайте на 123ru.net