World News

Тибетте жер титирөөдөн каза болгондор 100гө жакындады

7-январда Кытайдын Тибет автономдуу районунун тоолуу аймагында болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондор кеминде 95 кишиге жетти. “Би-Би-Си” радиосунун орус кызматы Кытайдын жалпыга маалымдоо каражаттарына шилтеме берип, дагы 130дай адам жаракат алганын жазды.


“Синьхуа” маалымат агенттиги жер титирөөнүн күчү очогунда 6,8 баллга жеткенин кабарлаган.


Жер титирөө болгон бийик тоолуу Тингри округунда 62 миңге жакын адам жашайт. Региондо жер тез-тез силкинип турат.




Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) зилзаладан каза тапкандардын арасында кыргыз жарандары жок экенин билдирди.


Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин курмандыктардын санын азайтуу үчүн жер титирөөдөн кийин урандылардын алдында калгандарды издөө-куткаруу иштерин тездетип, бардык аракеттерди көрүү буйругун берди. (BTo)




 

Читайте на 123ru.net