World News

Сауд Арабиянын бир катар калааларын нөшөрлөгөн жаандан кийин суу каптады

Сауд Арабиянын бир катар калааларын, анын ичинде мусулмандардын ыйык Меке шаарынын көчөлөрүн суу каптады. Бир нече күн нөшөрлөп жааган жаандан улам көчөдө токтоп турган автоунаалар суу алдында калганын жеринен тартылган видеолордон көрүүгө болот. Айрым жерлерде суу үйлөрдүн чатырына чейин жеткен. Жабыркагандар тууралуу маалымат чыга элек.


Сауд Арабиянын метеорологиялык кызматы Меке, Медина жана Жидда шаарларында эң жогорку - кызыл деңгээлдеги эскертүү жарыялады. Былтыр апрель-май айында Перс булуңундагы бир катар мамлекеттер катуу нөшөрдөн жабыркап, жыйырмадан ашуун адамдын өмүрү кыйылган.


Эксперттер белгилегендей, Араб мамлекеттеринде сууну сордурган, канализация системалары соңку жылдардагыдай адаттан көп чаан-чачынга ылайыкташкан эмес.




 

Читайте на 123ru.net