World News

Энергетиктер күчөтүлгөн режимде иштеп жатканы кабарланды

Сууктун кескин күчөшүнө байланыштуу Бишкектеги Электр тармактары ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги 8-январда маалымдады.



Маалыматка ылайык, электр энергиясынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо үчүн жооптуу кызматкерлерден нөөмөт түзүлүп, электромонтерлордон турган 12 бригада уюштурулду. Алар электр энергиясы үзгүлтүккө учураган жерлерге чыгып, калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт.



"Алар үчүн атайын жана нөөмөтчү автоунаалар даярдалган. Оңдоочу бригадалар толук керектүү шаймандар менен жабдылган", - деп жазылган маалыматта.



Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган керектөөчүлөр 1209, 105 түз линияларына, мобилдик 0772 001209, 0702 001209 телефон номурларына жана WhatsApp – 0556 001209 аркылуу байланышып, көйгөй тууралуу маалымат бере алат.



Кыргызстанда абанын табы төмөндөгөн күз, кыш мезгилдеринде электр энергиясын керектөө күч алат. Бул көп учурда жарыктын өчүшүнө алып келет.



Энергетика министрлиги элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, бир убакта бир нече тиричилик шаймандарын электрге туташтырбоону эскертти.


Энергетика министрлиги күн сууктагандан тарта электр энергиясы көп керектелип жатканын билдирген. 12-декабрда 3 612 МВт электр энергиясы сарпталып, суткалык керектөө 78,931 млн кВт саатка жеткен. Министрлик электр энергиясы Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу ушунча көп пайдаланылганын кабарлаган.



Кыргызстан 2024-жылы 17,5 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот деп эсептелген. Өлкөдө анын 14,8 млрд гана өндүрүлөт. Айырмасын импорттун эсебинен жабууга туура келет. Келишимдерге ылайык, быйыл 3,2 млрд кВт саат бул мамлекеттерден алынат:



Түркмөнстандан 1,5 млрд кВт/с;

Казакстандан 1,1 млрд кВт/с;

Өзбекстандан 485 млн кВт/с;

Орусиядан 80 млн кВт/с.(ZKo)




 

Читайте на 123ru.net