World News

Кадырбек Атамбаев милицияга суракка чакырылганын билдирди

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылганын кабарлады. Бул тууралуу ал 22-январда Фейсбук баракчасына жазып, милицияга чакыруу кагазынын сүрөтүн жарыялады.


Анда Атамбаев күбө катары суракка чакырылганы белгиленген.



Бишкек милициясынын басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын билдирди.


Азыркы тапта Социал-демократтар партиясынын үч өкүлү камакта отурат. Партия лидери, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында камалган.




Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда үчөөнү эки айга камакка алган.


Партия өкүлдөрү айыпты четке кагып, саясий куугунтук деп баалап келет.



Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.



9-январда сот кармалгандардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. (КЕ)




 

Читайте на сайте