World News

Кыргызстанда Нооруз белгиленүүдө

Бишкектеги эски аянттагы Нооруз майрамы “Кел, куттуу Ноорузум” деген театралдаштырылган пролог менен башталды.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, майрамконцерт менен коштолуп жатат.

Аянтта кыргыз элинин каада-салты, үрп-адатын чагылдырган оюн-зооктор уюштурулган.

Оштун башкы аянтында Нооруз майрамы президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө. Ал куттуктоо сөзүндө кыргыз-тажик чек ара келишимине токтолуп, аны "чоң жетишкендик" катары айтты.31-мартта Өзбекстан жана Тажикстандын башчылары жолуга турганын билдирди. Ошто да майрам оюн-зооктор, концерт менен коштолду.

Ушундай эле Нооруз майрамы жер-жерлерде да белгиленүүдө. (DSh)

Читайте на сайте