World News

Укук коргоочу Зульфия Марат дүйнөдөн кайтты

Укук коргоочу жана коомдук ишмер Зульфия Марат 11-майда каза тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын кесиптештери ырастады.

Зульфия Марат 58 жашта болчу. 1966-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Фрунзе техникалык институтунда билим алган.

Ал көптөгөн жылдар бою укук коргоочу катары иштеп, Саясий туткундарды коргоо комитети, Адам укуктары боюнча бюро жана башка жарандык уюмдарды жетектеген. Ал абакта саясий негизде бейкүнөө камалып жаткандардын укугун коргоп жүргөнү менен да белгилүү.

Соңку жылдары ал энергетика тармагы боюнча маалыматтарды бөлүшүп, социалдык тармактарда пикирлерин жазып жүргөн.

Читайте на сайте