Иран бомба жасайт беле? Өзөктүк курал боюнча адистин түшүндүрмөсү
Израил Ирандын өзөктүк программасын, анын ракета аткычтарын жок кылуу деген жүйө менен баштаган чабуулуна жана Иран ага жооп кайтарып жатканына бир апта болду. Бирок Израилдин чыныгы максаты Ирандын өзөктүк жайларын жок кылуу эмес, анын башкаруу режимин алмаштыруу деген пикирлер көп айтыла баштады.