Жаркенттен табылган архив: Үркүндө качкан кыргыздардын кайтып келиши
Кыргызстанда жыл сайын август айынын биринчи аптасында 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктары эскерилет. XX кылымдагы кыргыз тарыхындагы эң чоң трагедия тууралуу жүз жыл өткөндөн кийин дагы ачыкка чыгып жаткан архив маалыматтар бар.