World News

Парламенттик шайлоо: өлкө ичинде жана тышында добуш берүү

30-ноябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 10:00гө карата 167 миң 72 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди. Мындай көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 3,89% түзөт. Кыргызстан боюнча 2492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү башталган. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеп жатат. Чет өлкөлөрдө 100 тилке бар жана Бишкек убактысы боюнча саат 8:00гө чейин 620 шайлоочу добуш берди.

Читайте на сайте