World News

Бишкектин мурдагы вице-мэри таштанды талаасына байланышкан коррупцияга шектелип кармалды

Бишкектин экс-вице-мэри жана айрым ишканалардын жетекчилери таштанды полигонун курууга байланыштуу коррупцияга шек саналууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 12-январда "Коррупция" беренеси менен Бишкектин мурдагы вице-мэри С. Р. А., "Бишкек санитардык полигон" ишканасынын мурдагы жетекчиси А. А. Ж., подряддык жумуштарды аткарган компаниялардын жетекчилери И.Р менен А. Н. Б кармалганын билдирди. Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Кармалгандардын аты-жөнү толук жарыяланган жок.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 2015-жылы Бишкек мэриясына Европа өнүктүрүү банкынан 22 миллион евро бөлүнгөн. Бул каражат атайын техника сатып алуу, таштанды контейнерлерин жана башка жабдыктарды сатып алууга, таштанды полигонун долбоорлоо жана куруу үчүн сарпталышы керек болгон. Акча "Тазалык" жана "Бишкек санитардык полигону" ишканаларына бөлүнгөн.

"Бул долбоор боюнча жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүлөр мамлекеттик бюджетке 182 млн сом зыян келтирилгенин аныктады. УКМК бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка аткаминерлерди жана бюджетке келтирилген сумманы аныктоо иштерин улантып жатат", - деп жазылган маалыматта.

2022-жылы Бишкек шаардык прокуратурасы таштанды полигонун рекультивация кылуу жана таштанды иштеткен завод куруу долбооруна байланыштуу төрт кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Алардын ичинде 2018-жылы, 2021-жылы жана 2022-жылы козголгон кылмыш иштери бар экени айтылган.

Бишкектеги таштанды жай 1978-жылдан бери колдонулуп жатат жана убагында 400 миң кишиге эсептелген. Азыр борбордо миллиондон ашык киши жашайт.(ZKo)

Читайте на сайте