Казакстанда ооруканаларга кызамыктан эмделген балдар гана кабыл алынат
Казакстандын баш калаасы Астанада балдарды пландуу түрдө ооруканага жаткыруу тартиби өзгөртүлдү. Мындан ары стационарларга кызамыкка каршы вакцина алган гана балдар кабыл алынат. Тиешелүү токтомго борбор калаанын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери кол койгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Бул чечим шаарда кызамык оорусунун кескин жайылышына байланыштуу кабыл алынды. Акыркы үч жума ичинде Астанада 403 учур катталып, бир жума ичинде оорунун деңгээли 2,8 эсеге өскөн. Ооругандардын 96% 14 жашка чейинки балдар экени кабарланды. Алардын басымдуу бөлүгү эмделген эмес.
Ошондой эле эмдөөгө медициналык каршы көрсөтмөсү бар учурлар да катталган.
Токтомго ылайык, борбор калаада 18 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөрдүн эмдөөдөн өткөн-өтпөгөнү кайрадан текшерилип, ата-энелердин макулдугу менен кошумча эмдөө жүргүзүлөт. Ушундай эле текшерүү 55 жашка чейинки медициналык кызматкерлер арасында да өткөрүлөт. Мындан тышкары, 6 айдан 10 айга чейинки ымыркайларга кошумча эмдөө жүргүзүү каралган.
Билим берүү мекемелерине эпидемиологиялык абалга байланыштуу кошумча санитардык талаптар киргизилип, оорунун жайылышын алдын алуу чараларын күчөтүү тапшырылды.
Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди.
Кыргызстанда былтыр кызамыктан 10 бала чарчап калган, алардын алтоо бир жашка чейинки ымыркайлар. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, булардын баары ооруга каршы эмделген эмес.