World News

Москва метросунда жүргүнчүлөрдүн телефону текшерилиши мүмкүн

Москва метросунда айрым жүргүнчүлөрдүн уюлдук телефондору текшерилиши мүмкүн. Мындай чара Орусиянын Транспорт министрлигинин 2025-жылдын 4-февралындагы буйругуна ылайык киргизилип жатканын Москва метросунун басма сөз кызматына таянып РБК агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, телефондор "зарылчылык жаралган учурда" текшерилиши мүмкүн.

Юрист Михаил Салкин РБК агенттигине билдиргендей, метронун кызматкерлери телефонду күйгүзүүдөн баш тарткан адамдарга айып пул сала алышпайт, бирок аларды метро аймагына киргизбей коюуга укуктуу.

Санкт-Петербург метросунда жүргүнчүлөрдүн телефондорун жана ноутбуктарын текшерүү буга чейин эле башталган. 2025-жылдын август айында жергиликтүү тургундар техникасынын кубаты түгөнүп калган учурда метро станцияларына киргизилбей, ал эми гаджеттерди ошол жерден кубаттоого уруксат берилбей жатканын айтып нааразы болушкан.

Санкт-Петербург шаарынын вице-губернатору Кирилл Поляков январь айынын аягында өткөн түз эфир учурунда мындай текшерүүлөрдү "коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү" менен түшүндүргөн.

Читайте на сайте