World News

Ош базары жаңы жайга курулуш толук аяктап, даяр болгондо көчүрүлөт

Бишкектеги Ош базары шаардын түндүк-батыш тарабындагы жаңы ордуна ал жакта курулуш иштери толук аяктап, даяр болгондо көчүрүлөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 4-февралда базардагы сатуучулар менен жолугушуу учурунда билдирди.

"Бардык шарттар түзүлүп, толук бүткөндөн кийин гана көчүрүлөт. Жаңы базарда орундар эч кимге сатылбайт, ижарага берилет. Бул жакта 5 миң сом төлөп жаткан болсоңуз, ал жакта да ушул эле акчаны төлөйсүз, болгону аны түз мамлекетке төлөйсүз", - деди Туманбаев.

Январь айынын аягында Ош базары жакын арада жабылат экен деген каңшаар тарап, андагы сатуучулардын нааразылыгы жаралган.

Базардын ордун которуу демилгеси 2024-жылы көтөрүлүп, ал шаардын түндүк-батыш тарабына көчүрүлөрү айтылган. Мэрия ошол жылдын июль айында турак жай кварталын, Ош базарынын жаңы комплексин, жаңы Батыш автобекетин жана башка социалдык объектилерди камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталганын билдирген.

Комплекс Фучик көчөсүнүн батыш тарабында, Бишкектен “Манас” эл аралык аэропортун көздөй бараткан жолдун боюнда жайгашары, жалпы аянты 162 гектарды түзөрү маалымдалган.

Былтыр март айында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ош базары көчүрүлө турган жаңы базар үч айдын аралыгында курулуп бүтөрүн жана азыркы ордунда соода кылууга толук тыюу салынарын билдирген. Базарды көчүрүүгө айрым соодагерлер каршы чыккан. (ZKo)

Читайте на сайте