Бишкекте 20 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү кармалды
4-февралда саат 23:04тө милициянын 102 номуруна Бишкектеги айланма жолдун жээгинде аялдын сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция ал жерден зомбулуктан улам каза болгон кыздын сөөгүн тапкан.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгонун Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы 5-февралда кабарлады.
Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында маркум 2006-жылы туулган С. Б. экени аныкталган. Милициянын маалыматына ылайык, кылмышка шектүүнү жашаган үйүндө кармоо учурунда ал өзүнө бычак менен кол салган. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин "Тез жардам" чакырылган.
Учурда шектүү милициянын көзөмөлү алдында бейтапканада дарыланууда.
Окуянын чоо-жайын териштирүү уланууда. Соттук экспертиза дайындалды.
Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп. (ZKo)