World News

Ош милициясы аламан улак тартыштагы өлүм менен аяктаган окуяны териштирип жатат

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өзгөн районундагы аламан улак тартышта адам өлүмү менен аяктаган окуяны каттоого алып, тергөөгө чейинки териштирүү баштады. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

"Алдын ала маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун тургуну, 1999-жылы туулган А.У., минип жүргөн атын сугаруу үчүн Яссы дарыясына барганда аттын буту тайып, суунун жээгиндеги жардан дарыяга кулап кеткен. Натыйжада жаран ошол жерде каза болгон. Бул факты каттоого алынып, тергөө чейинки текшерүү иштери башталды. Маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп жазылган маалыматта.

Өзгөндө белгилүү улакчы Манас Ниязов уулдарына той берип, улак тартыш оюнун уюштуруп жатканы, байгеге машина коюлганы айтылган.

Кыргызстанда мындай оюндарда буга чейин дагы кырсык болгон, адам өлүмү менен аяктаган, чыр чыккан учурлар катталган.

Былтыр октябрда Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылындагы көк бөрү оюнунан чыккан чырда 34 жаштагы киши жараат алып, эсине келбей каза болгон. Кылмыш иши козголуп, шектүү катары төрт адам камалган.

2025-жылы 12-мартта Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз турниринде улакчы Мирлан Сражидинов каза тапкан. 1-лиганын оюнунда Сокулуктун “Бөрүлү” командасынын оюнчусун Оштун “Бүркүт” командасынын оюнчусу ат менен сүздүргөн. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, атаандаш команданын оюнчусу камакка алган.

Бул окуядан кийин “Нооруз-2025” турнири токтотулган.

2023-жылы Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында 31-августта, өлкөнүн Эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыккан чыр чыккан. Оюн жыйынтыгына, калыстын чечимине нааразы айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты кубалап, желим бөтөлкө, таш менен урган.

Тополоңдон кийин жети адам жараат алып, алардын бири ооруканага жаткырылганы, 65 киши сурак берип, тогуз киши камалган.

Читайте на сайте