Бишкек мэриясы Профсоюз көчөсүн көрүстөндү айлантып салмай болду
Бишкек мэриясы Профсоюз көчөсүнүн уландысын шаардын батыш тарабындагы Новопавловка айылындагы (ред: 2025-жылы Ленин районуна кошулган) көрүстөндү айлантып салмай болду. Мындай чечим санитардык коопсуздукту жана шаар тургундарынын кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алынганын мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Муниципалитеттин маалыматында көрүстөнгө 2022–2024-жылдары 50дөн ашык адамдын сөөгү коюлганы аныкталган. Шаардык бийлик санитардык талапка ылайык, азыр сөөк коюлган жайларды кайра казууга болбой турганын, бул жугуштуу оорулардын тарашына жана калктын саламаттыгына коркунуч жаратышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Мэрия баш калаанын Профсоюз көчөсүн дагы 8,5 чакырымга узартууну пландап жатат. Мунун алкагында төрт үй, же көрүстөндүн кайсы бир бөлүгү сүрдүрүлүшү мүмкүн экени айтылган. Айбек Жунушалиев маселени талкулоо үчүн 1-февралда жергиликтүү тургундар менен жолугуп, айрымдар мүрзөнүн бир бөлүгүнүн алыныша каршы чыккан.
Профсоюз көчөсүнүн уландысы Бишкек–Кара-Балта айланма жолунун бөлүгү болот.
Маалымат боюнча, көрүстөн 1960-жылдары пайда болгон. Ал кезде аянты жети гектар болчу. Мэрия көрүстөндүн аянты чоңоюп отуруп, азыр 13 гектарга жеткенин кабарлаган. Көрүстөнгө ар улуттун өкүлдөрүнүн сөөктөрү коюлган. Арасында мусулмандар да, христиандар да бар. 2024-жылы бул жерге сөөк көмүү токтогон. (BTo)