ИИМ кызматкерлери Бекболот Талгарбековду суракка алып кеткени кабарланды
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду суракка алып кеткени кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” уулу Арстан Талгарбеков билдирди.
Анын сөзүнө караганда, ИИМдин үч кызматкери 11-февралда Бекболот Талгарбековдун үйүнө барып, тинтүү жүргүзгөн. Кайсыл кылмыш ишине байланыштуу сурак берери тууралуу маалыматы жок экенин айтты.
ИИМ азырынча комментарий бере элек.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болушканын айтып чыгышкан.
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан.
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул кайрылууну “коомчулукта, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайды жаратуу” аракети катары баалаган. (BTo)