World News

Израил-америка соккусунан Иранда беш окуучу кыз мерт болгону кабарланды

Иранда Израил менен АКШнын биргелешкен аскердик операциясы маалында өлкөнүн түштүгүндөгү Минаб шаарында беш окуучу кыз набыт болду. Бул тууралуу IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.

Tehran Times басылмасы жергиликтүү бийликке шилтеме кылып кеминде 24 киши мерт болгонун билдирди. Бул маалыматтар бейтарап булактардан азырынча тактала элек.

Маалыматтарга караганда, Хормозган провинциясындагы Минаб шаарында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун базасы бар.

AFP агенттиги Ирактагы “Катаиб Хезболла” базасына жасалган чабуулда эки адам өлгөнүн жазды.

Бириккен Араб Эмирликтеринин Коргоо министрлиги ракетанын сыныгы кулап “азиат улутундагы” бир адам мерт болгонун кабарлады.

Читайте на сайте