World News

Кара-Балтанын мурдагы мэри Мирлан Жекшенов үй камагына чыкты

Жайыл райондук соту 5-мартта Кара-Балта шаарынын мурдагы мэри Мирлан Жекшеновду үй камагына чыгарганы белгилүү болду. Маалыматты “Азаттыкка” Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мирлан Жекшеновду 2025-жылдын жай айында кармаган. Атайын кызмат мэриянын кызмат адамдары өз кызыкчылыгын көздөп, Кытайдан чыгарылган 17 автобусту кымбат баада сатып алган деген айып койгон.

Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында автобустарды сатып алууда бюджетке 17 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени айтылган. Бул иш боюнча Кара-Балтанын мэри Мирлан Жекшенов, “Жол курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ага чейин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сом кандай пайдаланылганы териштирилип жатканын айткан.

Мирлан Жекшенов 2022-жылы июнда Кара-Балтанын мэри болуп дайындалып, кармалгандан кийин кызматтан алынган. Ал козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Читайте на сайте