Тажикстанда дарыяга бой таштаган аскердин сөөгү 10 күндөн кийин табылды
Тажикстандын Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 23 жаштагы Шахбоз Жонмахмадзоданын сөөгү табылды. Ал он күн мурда Кафирниган дарыясына бой таштаган болчу. Маркумдун жакындарынын бири 6-майда “Азаттык” радиосунун тажик кызматына анын сөөгү Регар аймагы менен Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун чек арасынан табылганын билдирди. Маалыматка караганда, Шахбоздун атасы уулунун сөөгү салынган табытты Өзбекстандын аймагы аркылуу Тажикстанга алып келген. Маркумду акыркы сапарга узатуу... Читать дальше...