WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж тагылган айыпты жарым-жартылай моюнуна алууга макул болуп, эркиндикке чыкты. Маалыматка караганда, Лондондун Жогорку соту аны күрөөгө бошотту. Ассанж АКШга караштуу Түндүк Мариан аралдарынын аймагына учуп кетти.
Еврошаркет менен Кыргызстан кол койгон Өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү келишими эки тараптын тең кызыкчылыгына төп келет. Брюссел адам укуктарын, жарандардын негизги эркиндиктерин коргоону бекемдөө максатында Бишкек менен кызматташууну уланта берет.
Бул иликтөөдө Бишкек шаарынын 30дан ашуун депутаты, аткаминерлери “Аламүдүн” суусунун жээгин кантип ич ара бөлүп алганын айтып беребиз. Бекер жер алган адамдардын арасында Бишкектин мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров, мурдагы билим берүү министри Болотбек Купешов, парламенттин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдырасаков, мурдагы ректорлор Төлөбек Камчыбеков, Жумабек Тентиев дагы бар. Материалда өзүлөрүнө жер чыгарып алган 30дан ашуун адамдын тизмесин да жарыялайбыз.