World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
28
29
30
31

Новости за 11.12.2024

Azattyk.org 

HRW Кыргызстандын бийлигин адам укуктарын сыйлоого чакырды

Human Rights Watch уюму 10-декабрь - Адам укугунун эл аралык күнүнө карата билдирүү жасап, Кыргызстандын бийлигин адам укуктарын сактабаганы үчүн сынга алды. Уюмдун билдирүүсүндө ноябрь айында кармалып, камакка алынган "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана активдүү мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин иши сынга алынып, өлкөдө адам укуктарын коргоо күнүн майрамдоого негиз аздыгы белгиленген. HRW уюму "Социал-демократтар" партиясынын лидери жана мүчөлөрү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: Күн суук болот

12-декабрга караган түндө абанын табы өрөөндөрдө -10…-15°, тоолуу аймктарда -30…-35° градуска чейин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 12-декабрда күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкусүн -10…-15, күндүз 0…-5; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17... Читать дальше...

Azattyk.org 

Быйыл бөйрөк алмаштыруу боюнча 20 операция акысыз жасалды

Саламаттык сактоо министрлиги быйыл Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун трансплантология бөлүмүндө мамлекеттин эсебинен 20 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалганын, жылдын аягына чейин дагы 2 операция жасаларын билдирди. 2025-жылы бюджеттик негизде мындай 50 операцияны кылуу пландалган. Бөйрөк алмаштыруу операциясы Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун базасында кыргызстандык хирургдардын аракети менен 2018-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Андан бери жалпы 62 операция жасалып, анын 20сы 2024-жылы болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ташиев: Армения, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Армениядан, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин билдирди. Анын сөзүнө караганда, алардын көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген жана 15 миңдей машиненин 90% документи жок. Камчыбек Ташиев парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, алардын бардыгын тең мыйзамдаштырууга болбой турганын айтты. “Мыйзамсыз алынып келген бир да машине көчөдө жүрбөшү керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК төрагасы Темирлан Султанбеков боюнча суроого жооп берди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков тергөө абагында шарты начар кармалып турат деп эсептебейт. Бул тууралуу Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеидбек Атамбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Сеидбек Атамбаев парламент жыйынында Темирлан Султанбековдун абалы начарлап жатканын айтып, бийлик өкүлдөрүн аны менен эрегишпөөгө чакырган. Камчыбек Ташиев  Султанбеков мыйзам алдында жооп бериши керектигин билдирди: “Султанбеков менен эрегишпесек... Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламенттеги суроолор: Чек ара, коррупция, бюджет

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда каралды.

Azattyk.org 

Төрага Шакиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейт

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейт. Спикер бул тууралуу парламенттин 11-декабрдагы жыйынында айтып, буга ЖКда журналисттер жыйын болуп жатканына карабай депутаттарды чакырып суроо бергенин мисал кылды. “Парламентаризмдин бешиги делген Улуу Британиянын парламентинде журналисттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү отурган жерди тосуп коюшкан. Алар депутаттарды чакырып суроо бере алышпайт. Депутаттар башка жол менен чыгып кетишет. Мына ошондой өлкө бизге баа берип атат (ред... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча документ ЖКга январда киргизилерин айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январь айында киргизилерин айтты. Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал “чек арага байланыштуу маселе ачык-айкын талкууланат” деп убада берди. “Тажикстан менен чек араны толук такташып, макулдашууну бүтүрдүк. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кожо Жоэл Кыргызстандын мыкты футболчусу аталды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Кожо Жоэл "Жылдын мыкты футболчусу" аталды. Мындай наам 10-декабрда Бишкекте өткөн KFU Awards-2024 деп аталган иш-чарада ыйгарылды. Бул наам үчүн улуттук кураманын оюнчулары Кайрат Жыргалбек уулу менен Одилжон Абдурахманов да ат салышкан. Кожо Жоэл Улуттук кураманын катарында быйыл январь айында Катарда өткөн Азия Кубогуна катышып, Оман курамасынын дарбазасына бир гол киргизди. Бул гол футболчуну Азия чөлкөмүндө атактуу кылды. Ал... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Бийликти күч менен басып алуу” иши боюнча дагы бир мурдагы прокурор кармалды

Башкы прокуратуранын ички коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгынын мурдагы улук прокурору (У.А.) кармалганы белгилүү болду. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 30-ноябрда судья анын бөгөт чарасын карап, 2025-жылдын 9-январына чейин камакка алган. Аны камакка алуу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген. Мурдагы прокурорго Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Массалык башаламандыктар”, “Уюшкан топту... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат Масалиев коррупциядан өндүрүлгөн каражат ачык болушу керектигин айтты

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев коррупциядан, убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кийин мамлекетке кайтарылган имараттар тууралуу коомчулукка ачык маалымат берилиши керектигин билдирди. Бул тууралуу депутат парламенттин 11-декабрдагы жайынында айтты. “Миллиард-миллиард деген сом өндүрүлүп, туура эмес менчиктештирилген имараттар кайтарылып кайра сатылууда. Бул каражат кайсы эсепке түшөт аны таба алган жокмун. Ал акча Жогорку Кеңештин макулдугу менен иштетилиши керек”, - деди ал. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте автобуста жол кире төлөбөгөндөр 1000 сом айыпка жыгылат

Бишкек шаарынын мэриясы борбордо коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөндөргө айып пул салынарын эскертти. Шаардык бийликтин маалыматына караганда, мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрөт. Муниципалдык автобустарда жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөр 1000 сом айыпка жыгылат. Ушул тапта автобус жана троллейбуста... Читать дальше...

Azattyk.org 

Энергетика министрлиги Зардалыга электр жарыгы берилгенин билдирди

Энергетика министрлиги 10-декабрда Баткен облусундагы эң алыскы Зардалы айылындагы 56 үйгө, 2 мечитке, 1 фельдшердик-акушердик пунктка жана 1 мектепке күн батареялары аркылуу электр энергиясы берилгенин билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, ар бир үйгө жана мамлекеттик имаратка минималдуу кубаттуулугу 306 кВт болгон 61 күн батареялары, көчөлөргө 600 Вт батареясы менен 75 прожектор орнотулду. Долбоорду ALL SOLAR ишканасы 390 миң 144 долларга (33,5 млн сом) ишке ашырды. Айылды электр энергиясы... Читать дальше...