World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Новости за 16.12.2024

Azattyk.org 

Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 2% гана мектепте окуйт

Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-декабрдагы жыйынында өзгөчө балдардын жана алардын ата-энелеринин демилгечи тобунун мүчөсү Айсулуу Айтымбетова майыптыгы бар балдардын аз гана пайызы билим алып жатканын айтып, тийиштүү органдарды мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын сындады. “Омбудсмен институтунун жана бейөкмөт уюмдардын акыркы изилдөөлөрүнө ылайык, майыптыгы бар адамдардын 1% жогорку окуу жайларда билим алышат. Бөлүнгөн квота толбойт. Майыптыгы бар балдардын 2% гана мектептерде окушат”, - деди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Акылбек Жапаров кызматтан күтүүсүз кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кетти. Ал "Ынтымак ордодо" президенттик администрациянын кызматкерлери жана өкмөттүн мүчөлөрү менен коштошуп, имараттан чыгып кетти. Коомчулукта анын иштен кетиши күтүүсүз окуя катары бааланууда. Бул Салык кызматындагы коррупциялык иш иликтенип жаткан учурга туш келди. Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулганы расмий ырасталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулганы расмий ырасталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы айтылат. Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткарат. Аны кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Өкмөт ишин уланта берет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Акылбек Жапаров өкмөт башчылыктан кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кетти. Ал "Ынтымак ордодо" президенттик администрациянын кызматкерлери жана өкмөттүн мүчөлөрү менен коштошуп, имараттан чыгып кетти.

Azattyk.org 

Gergert Sport дүкөнүнүн ээси Виталий Гергерт камакка алынды

Бишкектеги Gergert Sport дүкөнүнүн ээси Виталий Гергерт 2025-жылдын 4-февралына чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-декабрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген. Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылууда. Атайын кызмат Виталий Гергертке козголгон иш тууралуу маалымат бере элек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кеткени кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыктын” өздүк булактары билдирди. Маалыматка караганда, ал президенттик администрациянын жана өкмөттүн мүчөлөрү менен 16-декабрда коштошту. Бул маалыматты өкмөттөгү жана парламенттеги бир нече булактар ырастады. Анын кызматтан эмне себептен кеткени расмий айтыла элек. Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинети 2021-жылдын октябрь айында кызматка киришкен. 2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Электр энергиясы өчүп жатат". Садыр Жапаров өчүрүүлөр боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров жер-жерлерде электр энергиясынын өчүрүлүшү тууралуу түшүндүрмө берип, жарандарды жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Ал электр энергиясын колдонуунун көлөмү көбөйгөнүн, бул муктаждыкты чечүү үчүн 3-4 жыл керектелерин белгиледи.

Azattyk.org 

Аракеттеги медиа платформасы бийликти адвокат Матцаковду бошотууга чакырды

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы камакта жаткан адвокат Самат Матцаковдун укуктары бузулуп жатканын билдирип, тергөө органдарына, президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады. Кайрылууда Самат Матцаковду кармоодо бир катар процессуалдык мыйзам бузуулар болгонун, адвокаттын кармалышы кесиптик ишмердигине байланыштуу экени жазылган. “Самат Матцаковдун камалышы жана жалпы эле адвокатурага болгон кысым укуктук мамлекетке коркунуч жаратат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте автоунаа токтотуучу жайы жок курулуштарга уруксат берилбейт

Бишкек шаарында ушул жылдын сентябрь айынан баштап салына турган көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бир автоунаа токтотуучу жайы болушу керек деген талап киргизилгени белгилүү болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ага ылайык, мындан ары беш кабаттан бийик үйлөрдүн жер төлөсүндө машине токтотуучу жайы болушу керек. Автотоктотмосу жок болсо бардык курулушка уруксат берилбейт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мектеби өрттөнүп кетти

15-декабрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №11 Саймалуу-Таш орто мектеби өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Кырсыктан жабыр тарткандар жок. Мекеменин маалыматына ылайык, тилсиз жоо 22:30дар чамасында толук өчүрүлүп, куткаруучулар 2020-жылы мектепке улай салынган ашкананы өрттөн сактап калышкан. Жергиликтүү элдин көмөгү менен китеп, парталар жана башка эмеректер сыртка чыгарылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт эмнеден чыкканын жана келтирилген материалдык чыгымды тактап жатат. Читать дальше...