Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 2% гана мектепте окуйт
Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-декабрдагы жыйынында өзгөчө балдардын жана алардын ата-энелеринин демилгечи тобунун мүчөсү Айсулуу Айтымбетова майыптыгы бар балдардын аз гана пайызы билим алып жатканын айтып, тийиштүү органдарды мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын сындады. “Омбудсмен институтунун жана бейөкмөт уюмдардын акыркы изилдөөлөрүнө ылайык, майыптыгы бар адамдардын 1% жогорку окуу жайларда билим алышат. Бөлүнгөн квота толбойт. Майыптыгы бар балдардын 2% гана мектептерде окушат”, - деди. Читать дальше...